Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:19

"Ата Мекен": Бизге карата чабуул жасалууда


"Бүгүн Кыргызстанда майрам, бирок аны бузууга аракет кылып жатышат. Биздин партияга кадимкидей чабуул жасалууда" деп айтылат "Ата Мекен" партиясы тараткан билдирүүдө.

Анда кечээ Жалал-Абадда партиянын үгүтчүлөрүн негизсиз айыптоо аракет жасалганы, бүгүн болсо Бишкекте "Ата Мекенге" добуш сатып алды деген шек менен шаар тургуну кармалып, кайра коё берилгени айтылат.

"Биздин партиянын байкоочусун кармашыптыр. Милициянын атайын тобу жетип келип, сумкасын аңтарган. Албетте, эч нерсе таппай, кайра кетишкен" дейт партиянын маалымат кызматы.

Буга чейин Бишкектин №20 орто мектебинин жанында "Ата Мекенден" талапкер Камалдин Токтосартовдун эжеси добушун саткандардын тизмеси менен кармалды деп социалдык тармактар аркылуу кабар чыккан болчу.

"Ата Мекен" мунун баарын атайын уюштурулган каралоо деп атап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG