Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Ошурахунова: Шайлоодо одоно мыйзам бузуу каттала элек


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова бүгүнкү шайлоо жараянында айрым мыйзам бузуулар болгонун, алардын ичинде Нарын шаарындагы 2 шайлоо участкасында мөөр коюлбаган бюллетендер менен добуш берилгени, Жалал-Абадда студент кыздын колунан жатаканада жашаган студенттердин паспорттору табылганы, айрымдардын тизмеден өзүн таппай калганы өңдүү көрүнүштөр орун алганын белгиледи. Бирок ал шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар боюнча маалымат түшпөгөндүгүн белгиледи.

Коалициянын юристи Тимур Арыков 3-октябрда шайлоо участкаларынан тыш жерде (жабык жайларда, үйдө) добуш берүүдө айрым мыйзам бузуулар катталганын, техникалык мүчүлүштүктөр, байкоочулардын жабык жайларга кире албай калышын жана үйдөн добуш берүү укугун алуу үчүн 3 күн мурун жазылчу арыздардын кечээ 3-октябрда жазылып, айрымдарына кол коюлбай калганын айтты.

Арыков бул мыйзам бузуулар боюнча акт жазылып, сотко жолдонгонун, бирок алар жалпы шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасирин тийгизбесин белгиледи. Коалициянын 1500 байкоочусу 500 шайлоо участкасында көз салып жатышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG