Президент Барак Обаманын билдирүүсүнө караганда, Пентагон Кундуз шаарында кеминде 19 адамды мерт кылган аба соккусу боюнча толук иликтөөнү баштады.
Ишемби күнү Кундуз шаарынын чет жакасында Чек арасыз дарыгерлер уюму башкарган ооруканага тийген бомбадан дагы 40ка жакын киши жаракат алган.
Окуя боюнча терең кайгыруусун билдирген АКШ президенти ал биротоло бир бүтүм чыгарыш үчүн фактылардын толук жыйындысын күтүп жатканын кошумчалады.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зеид Раад ал-Хусейиндин айтымында, Кундуздагы ооруканага жасалган аба сокку согуш кылмышына барабар болуп калышы мүмкүн.
Ооган президенти Ашраф Гани өз билдирүүсүндө НАТОнун Ооганстандагы колбашчылары ооруканага урулган сокку үчүн кечирим сураганын белгиледи.
Бирок, Түндүк атлантикалык альянстын өкүлдөрү бул маалыматтан кабары жок экенин айтууда.
Ооган ички иштер министрлигинин өкүлү Сыдык Сыдыкинин айтымында, аба соккусу жасалган кезде оорукана имараты ичинде 10дон 15ке чейин сандагы террорчу болгон.
Ал эми Чек арасыз дарыгерлер уюмунун маалыматына караганда, оорукана бомбалоого кабылганда 100дөн ашуун бейтап, аларды карагандар, жергиликтүү жана чет элдик 80дей кызматкер жүргөн.
Окуя ооган күчтөрүнүн өлкө түндүгүндөгү Кундуз шаарына көзөмөл орнотуу операциясы учурунда болду.
Операция учурунда АКШ күчтөрү абадан колдоо көргөзүп, Талибандын турумуна бир нече соккуларды жасаган. (UE)