Бул тууралуу "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Адилет Эшенов билдирди. Анын айтымында Нарын шаарындагы № 4064 шайлоо участогунда 156 шайлоочу жана № 4069 участогунда 35 шайлоочу мөөрү жок бюллетень менен добуш берген.
Муну байкоочулар көрүп калгандыктан башка бюллетендерге мөөр басуу үчүн шайлоо участокторун жарым саатка жабышкан.
Учурда бул шайлоо участоктору ишин улантып жатат. Ошондой эле кечээ күнү да көчмө урна менен Ат-Башы районундагы чек ара кызматкерлерине барган 116 бюллетень да мөөрү жок добуш берилген.
Ал эми БШКнын Нарын облусундагы өкүлү Алмаз Аскаров бюллетендерде коргоо белгилери болгондуктан, аны жаратабы же жокпу, шайлоо убактысы аяктаган соң участкалык комиссия чечерин белгиледи.
Нарында 150 137 шайлоочу бар. (MiK)