Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

"Бир дүйнө Кыргызстан": Мыйзам бузуу боюнча түшкө чейин 16 кайрылуу болду


“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунда иштеп жаткан "ишеним телефонуна" жарандардан шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу түшкө чейин 16 кайрылуу түштү. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Кайрылуулардын көпчүлүгү тизмедеги катачылыктар жана добуш сатып алууларга байланышкан. Мисалы, Ош шаарындагы №5250 шайлоо участкасында “Өнүгүү Прогресс” партиясына добуш сатып алуу жүрүп жатканы айтылса, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу айылдардын биринде жарандарды “Кыргызстан” партиясына добуш бересинер деп кайсы бир топтун өкүлдөрү коркутуп жатканы айтылат.

Бул багытта укук коргоо уюмунун өкүлдөрү телефон чалган жарандарга укуктук жардам жана юридикалык кеп-кеңештерин беришкен.
Уюмдун "Ишеним телефондору" 4-5-октябрь күндөрү гана иштейт. (RsK)

XS
SM
MD
LG