Бүгүнкү добуш берүү жараянында бир да участокто биометрикалык техникага байланыштуу көйгөй чыккан жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, 70ке жакын бекет кечирээк ачылып, айрым жерлерде 15 мүнөттөн токтоп калуулар болду. Бирок мунун баары жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир тийгизбейт дейт Сарпашев. (RK)