Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Добуш берүү соңуна чыкты


Бардык добушканалар кечки саат сегизде жабылып, Борбордук шайлоо комиссиясы добуш санай баштады. Үч саат мурдагы жыйынтык боюнча, шайлоочулардын 42% катышкан болчу. Андан бери маалыматтар жаңыртыла элек.

БШКнын маалыматы боюнча, Нарын менен Таластагы шайлоочулар активдүүлүгү жагынан алдыда болду. Андан кийинки орунда Баткен
облусу турат.

Бул жолу добуш бере тургандардын расмий саны 2 миллион 761 миң 297 адам. Жарандар үчүн 2374 шайлоо участкасы иштеди. Алардын 36сы чет өлкөдө жайгашкан.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмундагы "ишеним телефонуна" жарандардан шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу жыйырмадай кайрылуу түштү. Бул тууралуу аталган
уюмдан билдиришти. Кайрылуулардын көпчүлүгү тизмедеги катачылыктар жана добуш сатып алууларга байланыштуу болду.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы бул жолку шайлоодо мурдагы жылдарга салыштырмалуу катышуу начар болгонун билдирди. Аталган уюмдун өкүлү Гүлзада Медералиева шайлоонун жыйынтыгына таасир берүүчү мыйзам бузуулар азырынча каттала электигин айтты.

Добуш берүү жараянында бир да участокто биометрикалык техникага байланыштуу көйгөй чыкпаганын биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, 70ке жакын бекет кеч ачылып, айрым жерлерде 15 мүнөттөн токтоп калуулар болду. "Бирок мунун баары жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир тийгизбейт", - деди Сарпашев.

XS
SM
MD
LG