Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

Асад: Орусия, Сирия, Иран, Ирак терроризмге каршы бирикти


Сирия президенти Башар Асаддын бул сөздөрүн бүгүн Ирандын мамлекеттик телевидениеси айтып чыкты. Асад өз сөзүндө төрт өлкө эми терроризмге каршы күрөштө практикалык жыйынтыктарды камсыз кыларын, “Орусия, Сирия, Иран, Ирактын альянсы ийгиликке жетишпесе, бүткүл аймак талкалана турганын” да эскерткен.

Жогорудагы сөздөр Башар Асаддын Орусия Сирияда аба соккуларын баштаган 30-сентябрдан бери алгачкы комментарийи болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги бүгүн билдиргендей, алардын аскерий учактары соңку 24 саатта 20 жолу абага көтөрүлүү менен “Ислам мамлекети” террордук тобунун 10 жайына сокку урду. Ал эми Батыш өлкөлөрү жана Сирия оппозициясы буга дейре Орусиянын аба соккулары президент Башар Асад үчүн колдоо экенин жана “Ислам мамлекети” тобуна кирбеген козголоңчулар да бутага алынып жатканын айтышкан. Бирок Москва бул айыптарды четке кагып жатат.

Сириялык активисттердин ырастоосунда, аба соккулар учурунда ондогон жайкын тургундардын да өмүрү кыйылды.

Бул аралыкта Стамбулдан, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын Сириядагы аскерий өнөктүгүн “ири жаңылыштык” деп атады. Эрдоган белгилегендей, “Орусиянын Сириядагы кадамдары жана бомбалоо өнөктүгү Түркия үчүн такыр кабыл алынгыс”. (UE)

XS
SM
MD
LG