Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:11

Мадумаров: Шайлоодо жеңилсек, митингге чыкпайбыз


Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров “Азаттыкка” билдирди. Ал жер-жерлерде биометрикалык маалымат тапшырып, бирок тизмеден өзүн таппай калган шайлоочулар болгонун белгиледи.

- Митинг менен Кыргызстанда маселени чечүү мүмкүн эмес. Митинг дегенден качуу керек, аны токтотуш керек. Биз күткөн тыянак чыкпай калса эмне кылабыз? Эл добуш бербей койду деп эле айтыш керек.

Бүгүн өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча Кыргызстан социал-демократтар партиясы 26 пайыздан көбүрөөк добуш менен алдыда келатат. Кийинки орунда ”Республика Ата-Журт”- 21,03%, “Кыргызстан” - 12,41%, “Өнүгүү-Прогресс” - 9,19%, “Бир бол” - 8,32%, “Ата Мекен” - 7,88% добуш алган.

Булардын баары жети пайыздык босогодон өткөндөр. Парламенттик шайлоого жалпысынан 14 партия ат салышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG