Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Британияда 68 адамдын 23ү гана добуш берди


Лондондогу кыргыз элчилигинде добуш бергендер.
Лондондогу кыргыз элчилигинде добуш бергендер.

Британияда жашап жаткан кыргызстандыктардын арасынан 68 адам гана добуш берүүгө укук алып, анын 23ү гана шайлоого катышты. Бул тууралуу Лондондогу элчилик кабарлады.

Маалыматтарга караганда, Британияда беш миңдей кыргызстандык бар.

Шайлоо мыйзамы боюнча чет өлкөдө жүргөндөр биометрикалык маалыматын тапшырып, консулдук каттоого тургандар гана добуш бере алат.

Жылпысынан башка мамлекеттерде 15 миңден ашуун кыргызстандык шайлоого катышары күтүлүп жатканы айтылган.

4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо 14 партия ат салышып, алтоо жеңишке жетти. Алар – КСДП, “Республика Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү”, “Бир Бол”, “Ата Мекен” партиялары. (SE)

XS
SM
MD
LG