Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Эл аралык байкоочулар бүгүн шайлоо тууралуу баяндама жасайт


Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салган эл аралык байкоочулар бүгүн түштөн кийин Бишкекте маалымат жыйын курушат. Жыйын “Хаят” мейманканасында өтөт. Байкоочулардын катарында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунан, Европарламенттин жана Европа кеңешинин парламенттер ассамблеясынан келгендер бар.

4-октябрь күнкү шайлоого жалпысынан 600дөн ашуун чет элдик байкоочулар көз салды.

Шайлоочулардын 60% жакыны добуш бергенин Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Жогорку Кеңештеги 120 орундуу депутаттык орун үчүн ат салышкан 14 партиянын ичинен жети пайыздык чектен ашып, алтоо парламентке өттү. (SE)

XS
SM
MD
LG