Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

БШК партиялардын пайыздык көрсөткүчүн жаңыртты


Добуш берүү. Бишкектин четиндеги Байтик конушу. 4-октябрь, 2015-жыл.
Добуш берүү. Бишкектин четиндеги Байтик конушу. 4-октябрь, 2015-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке депутат болуп келе турган жарандардын болжолдуу тизмесин жарыялады.

Шайлоочулардын 27,46% добушун алган Кыргызстан социал-демократтар партиясына (КСДП) 38 мандат берилет:

“Республика Ата-Журт” 20,11% добуш менен 28 мандатка,

“Кыргызстан” партиясы 12,85 пайыз добуш менен 18 мандатка ээ болот:

“Өнүгүү-Прогресс” 9,3%менен 13 орунга:

“Бир бол” партиясы 8,46% добуш менен 12 орунга жетишет.

“Ата-мекен” - 7,74% добуш менен 11 мандатка ээ болушу болжолдонууда.

4-октбярь күнкү шайлоодо добуш бере тургандардын саны 2 миллион 761 миң 297 адам экени айтылган. Алардын 1 миллион 545 миң 723ү келди. Катышуу 55,97% түздү.

Жарандар үчүн 2374 шайлоо участкасы иштеди. Алардын 36сы чет өлкөдө жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG