Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:22

“Чек арасыз дарыгерлер” Кундуздан чыгып кетти


Ооганстандын Кундуз шаарындагы ооруканага абадан урулган соккудан улам кеминде 22 кишинин өмүрү кыйылгандыгына байланыштуу эл аралык “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун адистери калаадан чыгып кетти. Алар окуяны дыкат иликтөөнү талап кылып жатышат.

3-октябрь күнү сокку урууда уюмдун 12 адиси жана 10 бейтап мерт кеткен. Аймакка бомба АКШнын аскерий учактарынан жаңылыш урулганы кабарланган.

Ооган президенти Ашраф Гани НАТОнун Ооганстандагы колбашчылары бул үчүн кечирим сураганын билдирди. Аскерлер талиптердин турумдарын бутага алып, бомба жаңылыш атылганын айтууда.

АКШ президент Барак Обама окуяга терең кайгыруусун билдирип, Пентагон толук иликтөөнү баштаганын маалымдады.

Ишемби күнү Кундуз шаарынын чет жакасында "Чек арасыз дарыгерлер" уюму башкарган ооруканага тийген бомбадан дагы 40ка жакын киши жаракат алган.

“Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун маалыматына караганда, оорукана бомбалоого кабылганда 100дөн ашуун бейтап, аларды карагандар, жергиликтүү жана чет элдик 80дей кызматкер жүргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG