Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Нарын шаарынын көчөлөрүнө видеокамера коюлууда


Нарын шаарынын борбордук Ленин көчөсүнө видеокамералар орнотулууда. Видеокөзөмөл негизги жол менен кесилишкен төрт көчөгө коюлду. Мындай маалыматты Нарын шаардык мэриясынан кабарлашты.

Бул жергиликтүү бийликтин жол кырсыктарын алдын-алууга болгон аракети. Маалыматка ылайык, видеокөзөмөл орнотулган Раззаков, Тоголок Молдо, Токтосунова жана Жаңы-Жол кесилиштеринде жол кырсыктары көп катталат.

Учурда видеокамералар ишке кире элек, аларды орнотууга жергиликтүү бюджеттен 280 миң сом бөлүнгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG