Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында КМШ байкоочуларынын жетекчиси Владимир Гаркун билдирди. Анын айтышынча, Кыргызстандын мыйзамдары жогорку деңгээлдеги шайлоону өткөрүүгө шарт түзө алат.
-Биз кечээ 1300 добушканада байкоо жүргүздүк. Электрондук эсептөө тутуму тынбай иштеп турду. Анча-мынча компьютер токтоп калган учурда, жарандардын түшүнүү менен күтүп турганын байкадым.
Гаркун үгүт жүрүшүндө партияларга бирдей шарт түзүлүп, телетаймаш калыс жана саясый маданияттуулуктун чегинде өткөндүгүн белгиледи. КМШнын 137 байкоочулары 14-сентябрдан баштап Кыргызстандагы шайлоо жараянына көз салышкан. (КЕ/JM)