Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Шайлоо күнү Ошто 29 кылмыш катталды


4-октябрда Ош шаарында 16 кылмыш катталып, алардын 13үнүн бети ачылган. Ош областында бул күнү 13 кылмыш катталып, анын ону изи сууй электе ашкереленген. Бул тууралуу аймактык милиция бөлүмчөсүнөн кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, бул кылмыштар добуш берүүгө байланышы жок.

ИИМдин аймактык башкармалыгы кабарлагандай, кечээ Ош облусундагы 484, Ош шаарындагы 80 шайлоо участокторунда бир да тартип бузуу катталган эмес. Бул участкаларда жалпысынан 3500 тартип сактоо кызматкерлери, ыктыярдуу элдик кошуундун 6896 өкүлдөрү коомдук тартипти көзөмөлдөдү. Алар бүгүн да кайгуул иштерин улантууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG