Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Ош облусунда шайлоодо 7 электрондук үкөк иштебей калды


Бул тууралуу Ош облустук аймактык шайлоо комиссиянын төрагасы Расул Кадыров “Азаттыкка” билдирди.

Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы, Ноокат районунун Исанов жана Ынтымак участокторундагы, Араван районунун Чөгөм кыштагындагы, Кара-Суу районунун Папан конушунун эки участкасындагы жана Савай айылындагы электрондук үкөктөр 4-октябрда добуш берүү башталгандан көп өтпөй эле бузулуп калган.

Шайлоо участкаларынын жетекчилери аларды оңдоо боюнча облустук шайлоо комиссиясына билдирүү беришкен эмес. Үкөктөр бир иштеп, бир иштебей үзгүлтүккө учурагандыктан 7 участокто тең бюллетендер мурдагыдай айнек үкөктөргө ташталган.

Ош шаарындагы үч шайлоо тилкесинде (№5310, №5551, №5915) электрондук үкөктөр бузулуп калганы да кабарланды.

Республиканын башка аймактарында дагы 8 участокто электрондук үкөктөр 4-октябрь күнү иштебей калганын БШК ырастады.

Ош облусунда жалпы 484 добушкана болсо, аларга 726 электрондук үкөк берилген. Ош шаарында 80 участокко 160 электрондук үкөк тийген.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, Ош облусунда шайлоочулардын 63,1% (351 832) жана Ош шаарында 59% (79 546) добуш берди. (ErN)

XS
SM
MD
LG