Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Турсунбеков: Ар кандай вариантта коалиция түзүүгө даярбыз


Бул тууралуу парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен Социал-демократтар партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал коалиция түзүү мандаты КСДПга берилерине ишенерин белгиледи.

-Азырынча бул партия менен коалиция түзөбүз деген конкреттүү пикир жок. Расмий жыйынтык чыгышын күтүп жатабыз. Мандатты бизге берет деп ишенип турабыз.

Алдын-ала маалымат боюнча, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 6 партия 7%дык босогодон өтүп, сынактан утуп чыгышкан. Алар: КСДП, “Республика - Ата Журт”,“Кыргызстан”, “Өнүгүү - Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен”. (КЕ)

XS
SM
MD
LG