Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Исаков: Бул шайлоону тааныбайбыз


“Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков бул парламенттик шайлоону тааныбай тургандыгын билдирди. Партия добуш берүүдө болгон мыйзам бузууларды далилдер менен аныктап, шайлоонун так жыйынтыгын чыгарууга аракет кылат.

- Азыр бир дагы партия шайлоодогу мыйзам бузууларды айта албайт. Себеби, көпчүлүгү бийликтин партиясы. Биздин добуштун жыйынтыгын бурмалашат – деди партия лидери Исаков

БШКнын маалыматында 7 пайыздык босогодон өткөн партиялардын акыркы жыйынтыгы КСДП - 430 миң 430 добуш (27,4%), “Республика Ата-Журт” - 315 миң 446 (20,08%), “Кыргызстан” - 202 миң 62 (12,8%), “Өнүгүү-Прогресс” - 146 миң 50 (9,3%), “Бир бол” 133 миң 847 (8,5%), “Ата Мекен” 121 миң 847 (7,75%).

“Азаттык” саясий партиясы 0,32% менен эң аз добуш алды.(TSh/MTo)

XS
SM
MD
LG