Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Асад: Орусиянын аба соккуларынын ийгилиги маанилүү


Президент Башар Асад Орусия, Сирия жана өнөктөштөрү жүргүзгөн аскердик компаниянын ийгилиги Жакынкы Чыгышты кыйроодон сактап калүү үчүн өтө маанилүү деп билдирди.

Ирандын Хабар ТВ каналына берген маегинде Сирия мамлекет башчысы “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы АКШ түзгөн коалиция анын өлкөсүнө жана чөлкөмгө көбүрөөк туруксуздукту алып келгенин айтты.

30-сентябрда Орусия Сириядагы козголоңчулардын буталарына абадан сокку ура баштаган.

Түркия президенти Режеп Таип Эрдоган Москванын бул аскердик компаниясын “олуттуу ката” деп сыпаттады.

Акыркы 24 сатта орусиялык согуш учактары 20 жолу рейд жасап, жихадчылардын жайларына 10 ирет сокку урушту.

XS
SM
MD
LG