Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

"Чек арасыз дарыгерлер" уюму Кундуздан кетүүдө


"Чек арасыз дарыгерлер" уюму Ооганстандын Кундуз шаарында өз ишин аяктаганын билдирди. 3-октябрда уюмдун ооруканасына урулган соккудан кеминде 22 киши каза тапкан. Дарыгерлер ал окуяны “согуш кылмышы” деп атап, бейтарап жана ачык иликтөө жүргүүзүгө үндөштү.

Болжол менен АКШ учактары урган соккудан соопчулук уюмунун 12 кызматкери жана 10 бейтап набыт кеткен. Ооганстандын расмий бийликтери ооруканага жашырынган согушкерлер куралдуу күчтөрдү жана карапайым элдерди ошол жактан бутага алып жатканын ырасташууда. Бирок уюмдун кызматкерлери согушкерлер бар болчу, деген маалыматты четке кагышты.

АКШ президенти Барак Обама Пентагон окуя боюнча толук иликтөө баштаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG