Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Бангкокто (Таиланд) өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 6 медаль алышты. Мындай маалыматты Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.
Азия биринчилиги 1-5 октябрь күндөрү болуп өттү. Биринчи күнү 50 метрлик аралыктагы жарышта аялдар арасында Дарья Таланова 2- орунду, ал эми эркектер арасында Кирилл Вайс 3-орунду камсыз кылган. Экинчи күнү ушул эле спортчулар 100 метрдик аралыктагы мелдеште күмүш медалга татышты.
Мелдештин акыркы күнү 200 метрликти аралыкта кайрадан эле Дарья Таланова күмүш алып, Станислав Карнаухов 100 метрликте коло медаль тагынды. Жалпы Кыргызстандан мелдешке 15 спортчу барган. (TSh)