Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Иранда Мекеде каза болгон зыяратчылар жайларына берилди


Иранда кечээ ажылык учурунда Мекедеги кырсыктан каза болгондорду жайга беришти. Тегеран университетинде уюштурулган жаназага чогулгандар «Ал-Саудга өлүм» деп кыйкырып жатышты.

210дон ашуун зыяратчынын сөөктөрү Иранга 3-4-октябрь күндөрү жеткирилген. Расмий Тегеран ажылыкты начар уюштуруп, коопсуздукту жакшы камсыздай албаганы үчүн Сауд Арабияны айыптоодо.

Сауд Арабия королдугунун аксарайынан маалымдалгандай, "шайтанга таш ыргытуу" жөрөлгөсү учурундагы тебелендиде 769 зыяратчы набыт болгон. Алардын жарымынан көбү – 464 киши Ирандын жарандары болчу.

XS
SM
MD
LG