Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Анкара орусиялык согуш учактары түрк аба мейкиндигин бузганын билдирди


Түркиянын Тышкы иштер министрлиги орусиялык учактар Түркиянын аба мейкиндигин бузганын билдирди. Министрлик Орусиянын Анкарадагы эличиси Андрей Карловду чакыртып, 3-октябрдагы окуяга байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды.

Тышкы мекеменин билдирүүсүндө түркиялык эки F16 учактары орусиялык учактарды Түркиянын аба мейкиндигинен коштоп чыгарышканы айтылат. Элчиге орус согуш учактары Түркиянын аймагына дагы учуп кире турган болсо, Москва анын “жагымсыз кесепеттери” үчүн жооптуу болору эскертилди.

Ушундай эле эскертүүнү түрк Тышкы иштер министри Феридун Сыныроглу орусиялык кесиптеши Сергей Лавровго жолдоду. Алдыңкы күнү Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган Москванын Сириядагы аскердик кампаниясын “олуттуу ката” деп сыпаттаган.

Буга чейин Анкара Орусиянын Сириядагы оппозиция турумдарына сокку уруусун сынга алган.

XS
SM
MD
LG