6-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25,
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24,
Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17,
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18 ,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус, күндүзгү жогорку температурасы 22…24 градус жылуу болушу күтүлөт.