Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Армения парламенти элдик референдум демилгесин жактырды


Армениянын парламенти
Армениянын парламенти

Армениянын парламенти референдум аркылуу конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, парламенттик системага өтүү демилгесин колдоду. Бүгүнкү добуш берүүдө 103 депутат реформаларды колдосо, 10 киши каршы болду, үчөө калыс калды. Долбоорго ылайык, президенттин ыйгарым укуктары парламентке өткөрүлөт жана президентти жалпы эл эмес, парламент шайламакчы. Ошондой эле президенттин мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга чейин узартуу сунушталууда.

Мамлекет башчы Серж Саркисян референдумдун датасын үстүбүздөгү жылы атайт деп күтүлүүдө. Оппозициянын жүздөгөн активисттери Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы нааразылыгын билдирип келишүүдө. Бүгүн полиция парламент имаратынын жанына чыккан бир нече демонстрантты кармап кетти.

XS
SM
MD
LG