Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

CNN: Орусия Сирияга жерден сокку урушу ыктымал


АКШнын коргоо министрлиги Орусия Башар Асадды колдоп Сирияга жерден операция жүргүзүшүн четке какпайт. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлдөрүнө таянып CNN каналы кабарлады. Анын маалымдашынча, Орусиянын Сирия батышындагы аракеттери жерден сокку урууга даярданып жатканын каңкуулайт. БМ-30 “Смерч” үлгүсүндөгү артиллериялык курал Сириянын Хомс жана Идлиб аймагынан байкалган.

Орусия 30-сентябрдан тарта аба соккусу аркылуу Сирияда операция баштаган. Расмий Кремль муну “Ислам мамлекетине” каршы күрөшкөн Сирия аскерлерине колдоо катары сыпаттап келет.

АКШ баштаган коалиция мүчөлөрү Орусия Башар Асаддын режимин колдоо үчүн Сирия аскерлерине сокку уруп жатканына кабатыр.

XS
SM
MD
LG