Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Быйыл 2200дөй бала “Өнүгүү борборлордон” билим алды


Жвйлоодогу балдар
Жвйлоодогу балдар

Быйыл “Жайлоо бала бакчасы - 2015” долбоорунун алкагында малчылардын 2200дөн ашуун балдары “Өнүгүү борборлорунан” билим алды. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, быйыл өлкөнүн тоолуу аймактарында 87 борбор ачылып, жергиликтүү бийлик, жайыт комитеттеринин, чыгармачыл мекемелердин өкүлдөрү жана коомчулуктун колдоосу менен ишке ашты. Балдар жана ата-энелер үчүн кол өнөрчүлүк, шахмат, экологиялык, сөз өстүрүү, коопсуздук эрежелери боюнча сабактар өткөрүлдү. “Үй-бүлө бюджетин туура пландаштыруу”, “Туура тамактануу” деген темаларда мастер-класстар уюштурулду. Жайлоо шартында фильм көрсөтүлүп, спектаклдер коюлду.

Былтыр өлкө боюнча жалпысынан 35 жайлоо бала бакча иштеп, 800дөн ашуун балага билим алган. Бул долбоор мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу, балдардын билим деңгээлин өстүрүү максатында башталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG