Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Ош жылуулук электр борбору жарылуунун алдын алууда


Бул тууралуу Ош жылуулук борборунун башкы инженери Бахадыр Эргашев билдирди. Анын айтымында, 6-11-октябрь күндөрү шаардагы жылуулук түтүктөрү жогорку басым менен толук текшерүүдөн өтөт. Жылуулук ишканасы текшерүү иштери учурунда айрым түтүктөр жарылышы мүмкүн экенин, мындай учурда дароо Ош ЖЭБге кайрылууга чакырат.

Аталган борбор Ош шаарындагы 285 көп кабаттуу үйгө, 11 бала бакчага, 21 мектепке, 8 жогорку жана орто окуу жай имараттарына жылуулук берет.

Шаарга жылуулук берүү абанын температурасы беш күн бою +8 градустан жогору көтөрүлбөй калган учурда Ош мэриясынын чечими менен бериле баштайт. (YI)

XS
SM
MD
LG