Ош шаарынан Өзгөн, Кара-Кулжа, Ноокат жана Араван райондоруна каттаган айдоочулар жеке таксилерин кайрадан каалаган жерлерине кое башташты. Алар кардарларын мурдагыдай эле Кулатов кичирайонунан, Масалиев, Монуев жана Навои көчөлөрүнөн күтүп алууга өттү.
Жалал-Абад жана Баткен облустарына каттаган жеке таксилер да оң келген жерге унааларын жайгаштырып, жүргүнчүлөрдү ташууда.
25-августта шаар бийлиги күч кызматтардын көмөгү менен эски автобекетке кирүүчү жолдорду тоскон. Кошуна облус район жана шаарларга каттамдардын баары шаардын түштүк тарабында жайгашкан жаңы автобекетке көчүрүлгөн. Автобустардын айдоочулары жаңы бекетте кардар жок экенине нааразы болгондуктан, бийликтер жеке таксилерди да жаңы бекетке айдаган. Шаардан сыртка каттаган жеңил унааларды милиция эки ай бою калаа ичине такыр токтоткон эмес.
4-октябрда шайлоо аяктары менен күч кызматкерлери такси токтоочу жайларды кайтарбай калды. Натыйжада жеке айдоочулар эки ай мурдагыдай эле жол четинен жүргүнчү топтошууда. (ErN)