Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Ноокатта алма фестивалы өтөт


8-октябрь күнү Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагынын Кашкалдак айылында алма фестивалы болот. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Жармаңкеде алманын 30дай сорту көргөзмөгө коюлуп, багбандар өз түшүмүн калың элдин алдына жаят. Буга катар ар кандай оюн-зооктор жана ыр-бийлер да тартууланат.

ПРООНдун колдоосунда өтө турган иш-чаранын максаты - ноокаттык багбандарды жана Ноокат алмасын өлкөнүн башка аймактары менен эл аралык коомчулукка таанытуу. Анын алкагында тегерек стол жана талкуулар да өтөт. Багбандар кошумча алма өндүрүүнүн жаңы технологияларын, кайра иштетүүнү, экспорттоо жана сактоо боюнча сабак алышат.

Фестивалга Айыл чарба министрлиги, консалтинг компаниялар, ишкерлер, бизнес-ассоциациялар, жергиликтүү тургундар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Ошондой эле Казакстан, Түркия жана Кытайдан да бизнесмендердин келиши күтүлүүдө.

2006-жылдан бери Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтчү бул иш-чара түштүк регионунда экинчи жолу уюштурулууда. Өткөн жылы фестиваль Өзгөн районунун Ак-Жар айылында өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG