Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Анкара Москваны аба мейкиндиги дагы бузулганы үчүн айыптады


Сирия -- Латакия аскер базасындагы Орусиянын Су-30 истребители. 4-октябрь, 2015-жыл
Сирия -- Латакия аскер базасындагы Орусиянын Су-30 истребители. 4-октябрь, 2015-жыл

Орусиянын Анкарадагы элчиси орус аскерий учактары акыркы үч күндө аба мейкиндигин экинчи жолу бузганы үчүн кайрадан түрк тышкы иштер министрлигине чакырылды. Түркия ТИМинин маалыматына караганда, өлкөнүн аба мейкиндиги 4-октябрда кайра бузулган. Москва азырынча Анкаранын айыптоосуна үн ката элек.

Анкара бир күн мурда да орус аскерий учактары 3-октябрда аба мейкиндигин бузганын, Түркиянын эки F16 учагы орусиялык учактарды өз аба мейкиндигинен чыгып кетүүгө мажбурлаганын кабарлаган. Мындан улам орус элчисине аскерий учактар Түркиянын аймагына дагы кире турган болсо, Москва анын “жагымсыз кесепеттери” үчүн жооптуу болору эскертилип, нааразылык нотасы тапшырылган. Орус тарап эреже бузганын мойнуна алып, навигациядан жаңылышканын билдирген.

Буга чейин Түркия Орусиянын Сириядагы аба соккуларын сындап келген. А түгүл президент Эрдоган Москванын бул кадамын "олуттуу ката" деп баалаган.

Түркия НАТОго мүчө жана "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы АКШ баштаган эл аралык коалицияга кирген.

XS
SM
MD
LG