Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Кыргызстандын 7-спартакиадасына Нарындан 180 спортчу катышат


Жалал-Абад облусунда өтүүчү Кыргызстандын 7-спартакиадасына катышууга Нарындан 180 спортчу бүгүн жөнөп кетишти. Алар спорттун 13 түрү боюнча күч сынашат. Бул тууралуу Нарын облустук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Осмоналиев билдирди.

Буга чейин нарындык спортчулар мелдештин айрым түрлөрүнө гана катышып келишсе, бул жолу бардык түрү боюнча күч сынашат. Мыктылардын мыктысы райондук жана облустук мелдештер аркылуу тандалды.

Жалал-Абад облусунун 4 шаарында өтө турган 7-спартакиада 7-октябрдан 14-октябрга чейин созулат. Маанилүү спорттук иш чара төрт жылда бир ирет өтүп турат. (MiK)

XS
SM
MD
LG