Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Мамдепартамент жаңы шайланган Жогорку Кеңеш менен иштешүүгө кызыкдар


Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаментинин парламенттик шайлоо тууралуу билдирүүсүндө айтылат. Анда президент Алмазбек Атамбаев, Борбордук шайлоо комиссиясы жана көптөгөн өкмөттүк жана жарандык уюмдар өлкөдөгү демократиялык жараяндарды алдыга жылдырган шайлоого салым кошкону белгиленген.Ошондой эле эл аралык байкоочулардын шайлоочулардын тизмелеринин так эместиги, жашыруун добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөдөгү ачык процедуралардын жана бейтараптуу маалыматтын жетишсиздиги тууралуу тынчсызданууларын эске салган.

“Ошого карабай өткөн шайлоо Кыргызстандын демократия багытындагы өнүгүүсүндө маанилүү кадам болду”, - деп жазылат билдирүүдө. Муну менен катар АКШ кыргыз эли жана жаңы шайланган Жогорку Кеңеш менен өз ара кызыкчылыктардын негизинде чогуу иштешүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыктарына караганда, анда 14 партиянын ичинен алтоо 7 пайыздык босогодон өтүп, жеңип чыкты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG