Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:34

Жыл башынан бери 45 аял төрөттөн каза болушту


Кыргызстанда жыл башынан бери 45 аял төрөттөн каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Айгүл Бообекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, фактылар боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, 4 медицина кызматкери кызматтан алынды жана 4 дарыгерге эскертүү берилди. Айрымдары боюнча териштирүү уланууда.

Каза болгон келиндердин жакындары мындай абалга дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болорун айтышат. Кыргызстанда энелердин өлүмү курч маселелердин бири. Буга эл аралык саламаттык сактоо мекемелери да тынчсыздануусун билдирип келет.

Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева быйыл бул көйгөйдү парламентте көтөрүп, медицина тармагы реформага муктаж болуп турганын айткан. Былтыр өлкө боюнча 85 аял төрөт учурунда каза тапкан. 2013-жылы 61 аял көз жумган. (SE)

XS
SM
MD
LG