Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Назарбаевдин сүрөтүн көтөргөн аялдарды Акордого киргизбей коюшту


Казакстан -- Нааразы аялдардын жүрүшү. Астана, 6-октябрь, 2015.
Казакстан -- Нааразы аялдардын жүрүшү. Астана, 6-октябрь, 2015.

Колдоруна президент Нурсултан Назарбаевдин портретин кармап алган 20 чакты аял Акордого кирип, арыз-муңун айтууну каалаган. Бирок полиция киргизбей койгон соң алар Министрлер үйү менен Улуттук коопсуздук комитетинин имаратын көздөй бет алышты. Алардын бири Любовь Боровинцкая "Азаттыктын" казак кызматына өлкөнүн ар кайсы аймагынан Астанага келген бул аялдар президентке коррупция боюнча арыз-арманын айтмакчы болгонун билдирди:

"Менин маселем - турак жай боюнча. Бул аялдардын ар биринде ар кандай коррупциялык аракеттер боюнча арыз-арманы жана далилдери бар. Биз буга чейин бийлик органдарына кайрылганбыз, бирок ал тууралуу президентке жеткизишпей же туура эмес маалымат беришсе керек", - деди нааразы аялдардын алдында жүргөн Любовь Боровинцкая.

Полиция нааразы аялдардын жүрүшүнө эч кандай тоскоолдук жасабай, тек гана байкоо салып турду.

XS
SM
MD
LG