Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:02

Украина чыгышындагы жикчилер "шайлоосун" жылдырды


Денис Пушилин менен Владислав Дейнего
Денис Пушилин менен Владислав Дейнего

Украина чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарын ээлеп алган орусиячыл жикчилер 18-октябрга жана 1-ноябрга белгиленген жергиликтүү шайлоолорду кийинки жылдын февралына жылдырганын билдирди. Өздөрүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" деп жарыялап алган жикчилердин өкүлдөрү Владислав Дейнего менен Денис Пушилин бул чечим 2-октябрда Парижде өткөн "Нормандия төрттүгүнүн" саммитинин жыйынтыктарына байланыштуу кабыл алынганын кабарлады. Алардын билдирүүсүндө бул аралыкта Украина Минск келишиминдеги Донбасска өзгөчө макам ыйгаруу, Конституцияга өзгөртүү киргизүү сыяктуу милдеттемелерин аткаруусу зарылдыгы белгиленген.

Украин бийликтери жана Батыш өлкөлөрү буга чейин жикчилердин шайлоо өткөрүү чечимин айыптап, аны быйыл февралда кол коюлган Минск келишимин одоно бузуу катары баалаган.

XS
SM
MD
LG