Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

ТИМ: Беларустагы элчилик толук кандуу иштеп баштады


Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

Кыргызстандын Беларустагы элчилиги качкын президент Курманбек Бакиевди экстрадициялоо аракеттерин жүргүзүү максатында кайрадан толук кандуу иштеп баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 5-октябрда Беларус президенти Александр Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырган. Лукашенко кыргыз бийлигинин мындай чечимин колдорун, эки өлкө ортосундагы боордоштук мамилени тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Кыргызстан 2010-жылдагы апрель окуясында 90го жакын азаматтын өлүмүнө айыпталып, сыртынан 25 жылга соттолгон Курманбек Бакиевди экстрадициялоодон баш тартып келаткан Беларустан элчисин 2012-жылы чакыртып алган. (UEz)

XS
SM
MD
LG