Парламенттик шайлоого катышкан 20 миңге жакын адамдын добушу санала элек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча байланыш начар болгон 16 шайлоо участкасындагы добуш берүү жыйынтыктары БШКга жете элек.
4-октябрда БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов шайлоонун жыйынтыгын алдын ала жарыялап жатып, 74 участкадагы 60 миңдей шайлоочунун добушу эсептеле электигин билдирген.
Шайлоодо 14 партия ат салышып, алдын ала маалыматтар боюнча алтоо парламентке өттү. 2 млн. 760 миң шайлоочунун 57 пайызы, башкача айтканда 1 млн. 600 миңдейи гана добуш берген. (UEz)