6-сентябрда Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жол четине унаасын токтоткон айдоочу Ш.Усмановду сөккөн жол кайгуулчуларынын бири Илимбек Сырдыбаев жетекчилерден сөгүш угуу менен чектелди. Айдоочу “жол кайгуул кызматынын инспектору мага орой мамиле жасады” деп прокуратурага арыз жазып, МАИчи аны ашата сөккөн видеосун интернетке жарыялаган болчу. Арызды карап чыккан Ош шаардык прокуратурасы жол коопсуздук күзөтчүсү Сырдыбаевге жаза чектөөнү милиция жетекчилерине тапшырган.
Ош ШИИБдин маалымат кызматы бул боюнча түшүндүрмө берип, айдоочу жол четине унаасын туура эмес койгону үчүн кайгуулчу аны менен чырдашууга барганын кабарлады.
24-июнда Ошто айдоочу Мансур Туражановду Ош шаардык жол кайгуул кызматкери Иса Шакирбай уулу коопсуздук курун тагынган эмес деген жүйөө менен токтотуп сабап салган. Аймактык ички иштер башкармалыгы айдоочу өзү жыгылып кетип, аны милициядан көрүүдө деп кабарлаган.
Быйыл август айында Ош шаардык МАИчилердин бири башка бир жол кайгуулчусу анын баласынын унаасын тосуп койгону үчүн оозго алгыс сөздөр менен сөгүп аткан видеосу жарыяланган. Ага катышы бар төрт кызматкер иштен бошотулуп, шаардык МАИнин жетекчилери сөгүш алган. (ErN)