Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Макмалалтын” ишканасында алтын уурдоо фактысын аныктап, кылмыш ишин козгоду. Маалыматка караганда, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 1 кг 14 грамм алтын жоголгону аныкталган. Натыйжада мамлекетке 2 миллион 491 миң сом зыян келтирилген.
Мурдараак “Кыргызалтын” ишканасы да комиссия түзүп, алтындар компаниянын жооптуу кызматкерлери тарабынан кымырылып кетиши ыктымал экендиги белгиленген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 164-берене (уурдоо) боюнча кылмыш иши ачылды.
“Макмалалтын” комбинаты Тогуз-Тородо жайгашкан. Ал жерден уурдалган алтын УКМК аныктаган көлөмдөн бир канча эсе көп болушу мүмкүндүгүн көз карандысыз эксперттер билдирүүдө.
Өкмөт быйыл жайында "Макмалалтын" комбинатынын жетекчилигин алмаштырган. (SE)