Ош шаарында 16 жашында боюна бүтүп калган селкинин жагдайын милиция иликтөөгө киришти. Ай-күнү жакындап калган жаш кыз 6-октябрь күнү шаардык төрөтканага оор абалда келген. Ал балакатка жете электиги аныкталып, милицияга кабарланган.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришкендей, кыз турмушка чыга элек. Баланын атасын аныктоо иштери башталды.
Ооруканага жеткирилген кыз төрөй элек. (SE)