Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Прокурор орунбасары менен МАИ кызматкеринин иши иликтенип бүтө элек


Жалал-Абаддын Ноокен районунун прокурорунун орун басары менен Жол кайгуул кызматкеринин жаңжалы он күндөн бери иликтенүүдө. Кызматтык териштирүүнү облустук прокуратура жүргүзүп жатат.

Ноокен районунун прокурору Авазбек Каримов иш иликтенип бүтмөйүнчө так маалымат берилбей турганын айткан.

Кабарларга караганда, 27-сентябрь күнү Жол кайгуул кызматкери жол эрежесин сактабаганы үчүн “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон.

Рулда прокурордун орунбасары болгон. Ал мас абалда экени, МАИ кызматкерин менен жаңжалдашып, аны сабап салганы айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG