Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Оштун “өгөй кичирайону” жылуулукка туташтырылат


Ош шаарындагы “Туран” кичирайону быйыл кыштын алдында дээрлик жылуулук менен камсыз болот. Бул тууралуу Ош калаа жетекчиси Айтмамат Кадырбаев аймактын жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди. Мэрдин белгилешинче, “Турандан” кеминде 137 көп кабаттуу үй борбордук жылуулук түйүнө кошулат. Бул аракеттер жаңы коюлуп жаткан 13 модулдук от казандар аркылуу ишке ашат.

Ош шаарында 200дөй көп кабаттуу үй борбордоштурулган жылуулук түйүнүнө туташтырылган эмес. Анын дээрлик баары “Туран” кичирайонуна таандык.

Райондун жашоочулары алар жашаган аймак 15 жылдан бери калаада “өгөйлөнүп” келатканын айтып нааразы болушчу. Мэрия болсо аларга жардам берүүгө шаар бюджети жетишпестигин айтып жооп узатчу. Быйыл республикалык бюджеттен бөлүнгөн 82,9 млн сомдун жардамы менен аталган көйгөй чечилет.

Өткөн жылы Ошто борбордук жылуулук түйүнүнөн ажырап калган 52 көп кабаттуу үй жана 27 үй-бүлөлүк жатаканалар кайра кошулган болчу. Шаарда жалпысынан 600дөй көп кабаттуу турак жай бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG