Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Дүйнөдөгү таасирдүү мусулмандардын тизмеси жарыяланды


“Дүйнөдөгү эң таасирдүү 500 мусулман” рейтингинин жаңы тизмеси жарыяланды.

Быйыл биринчи орунда Иордания падышасы Абдулла II, кийинки тепкичте Каирдеги “Ал-Азхар” университетинин имамы шейх Ахмад Мухаммед, үчүнчү орунда Сауд Арабия падышасы Салман ибн Абдул Азиз турат.

Алдыңкы он мусулмандын катарында Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, түркмөнбашы Гурбангулы Бердимухаммедов, Азербайжан мамлекет башчысы Илхам Алиев, Татарстан президенти Рустам Минниханов, Чеченстан президенти Рамзан Кадыров жана тажик өлкө башчысы Эмомали Рахмон да бар.

Өзбекстандын муфтийи Усманхан Алимов бул жылы да дүйнөнүн абройлуу мусулмандарынын катарына кирди. Ал алты жылдан бери бул рейтингден тъшпөй келет.

“Дүйнөдөгү эң таасирлүү 500 мусулман” тизмесин Иорданиядагы Стратегиялык ислам иликтөөлөр борбору 2009-жылдан бери уюштурат. (SE)

XS
SM
MD
LG