Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчылыгына Темир Жумакадыровду дайындады. Тийиштүү буйрукка бүгүн кол коюлганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Жумакадыров буга чейин президенттик аппаратты башкарган. Ал мурдагы аппарат башчы Данияр Нарымбаев иштен алынганга чейин да Коргоо кеңешинин катчысы болгон.
Ага аскер тармагын реформалоону аягына чыгарып, куралдуу күчтөрдүн таасирин жандантуу жана коррупция менен күрөштү күчөтүү милдеттендирилди.
Ушул тапта жаңы президенттик аппараттын жаңы башчысын дайындоо боюнча документ даярдалууда. (SE)