Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Сирия армиясы Орусиялык учактардын коштоосунда чабуул жасады


Орусиянын аба күчтөрүнүн Сириядагы сокку уруулары
Орусиянын аба күчтөрүнүн Сириядагы сокку уруулары

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо жүргүзгөн уюмдун маалымдашынча, орусиялык учактар ортолуктагы Хама провинциясында адаватчыларга төрт жайда жана түндүк батыштагы Идлиб провинциясында үч жайда сокку урган. Анын артынан эле Сирия армиясы жана өкмөтчүл күчтөр чабуулга өткөн. Уюмдун директору Рами Абдел Раминин айтышынча, авиасокку биринчи жолу жердеги чабуул менен коштолгон. Адаватчылар, Түркия жана айрым Батыш өлкөлөрү Орусиянын учактары “Ислам мамлекети”(ИМ) тобуна катар бардык оппозициялык күчтөрдү бомбалоодо деп күнөөлөгөн. АКШ башындагы коалиция ИМге гана сокку уруп жаткан.

XS
SM
MD
LG