Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Кундузда эл аралык уюмдар калган жок


Ооган күчтөрү жана талиптер арасында жүрүп жаткан согуштан улам Кундузду жергиликтүү эл калтырып кетишүүдө. 6-октябрь 2015
Ооган күчтөрү жана талиптер арасында жүрүп жаткан согуштан улам Кундузду жергиликтүү эл калтырып кетишүүдө. 6-октябрь 2015

Ооганстандын Кундуз шаарынан эл аралык соопкерчилик уюмдар тегиз чыгып кетишти. Буга шаарда жүрүп жаткан катуу салгылашуулар жана госипиталдын бомбаланышы себеп болгонун Улуттар Уюму кабарлады. “Кундуздагы салгылашууларга жана туруксуз кырдаалга байланыштуу БУУнун эки өкүлчүлүгү, жергиликтүү төрт жана эл аралык он бейөкмөттүк уюм убактылуу башка жакка көчтү”,- деди БУУнун Гумнаитардык агенттигинин өкүлү Женс Лаерке. Анын айтымында, Чек арасыз дарыгерлер уюмунун госпиталы Ооганстандын түндүк-чыгышында оор операцияларды жасоочу бирден бир госпиталь болчу.

Кундуздуктардын айтышынча, 300 миң калктуу калаада өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулар ортосунда “согуп качма” согуш жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG