Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

FIFA Кыргызстанга акчалай айып пул салды


Кыргызстан-Австралия беттеши. 16-июнь, 2015-жыл. Бишкек.
Кыргызстан-Австралия беттеши. 16-июнь, 2015-жыл. Бишкек.

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Кыргызстан-Австралия беттешиндеги эреже бузуулар үчүн Кыргызстанга айып пул салды.

Мамлекеттин футбол федерациясынан кабарлашкандай, 28 миң доллар өлчөмүндөгү айып пул стадиондо файерлерди өрттөөгө, көрөрмандардын белгиленген чектен көп киришине жана күйөрмандын футбол аянтына чуркап чыгып алганына байланыштуу.

Кыргызстан менен Австралия беттеши 16-июнда Бишкек шаарында өткөн. Таймаш 1:2 эсебинде Австралиянын пайдасына жыйынтыкталган. (ATu\SE)

XS
SM
MD
LG