Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Ош шаарында электр энергиясы берилген чектен аз колдонулууда


Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, Ош шаары октябрь айынын алгачкы 6 күнүндө 2 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөй алды.

Калаада суткасына 1 миллион 723 киловатт-саат электр энергиясын пайдалануу жогорку чек катары белгиленген. Кыш мезгилинде электр энергиясын саатына 3 киловаттан ашык колдонгон учурда жарык автоматтык түрдө өчүп кала турган аппараттарды жылуулукка туташкан бардык үйгө орнотуу пландалып жатат.

Адистердин айтуусунда, 3 киловатт-саат электр энергиясы үйдү жылытуудан башка керектөөлөргө кеңири жетет. (YI)

XS
SM
MD
LG